Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-сентябры №12
Жан-Булак айыл аймагына Таза суу(ичүүчү ) топтоочу жай курууга жер аянтын бɵлүп берүү жɵнүндɵ
Жан – Булак айыл аймагына Таза суу(ичүүчү ) топтоочу жай курууга жер аянтын бɵлүп берүү жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жан – Булак айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жан-Булак айыл аймагына караштуу “Эдельвейс” участкасындагы 2000 чарчы метр, жер аянтына таза суу (ичүүчү) топтоочу жай курууга уруксат берилсин.
2. Таза суу (ичүүчү) топтоочу жай курууга иш-кагаздарын бүткɵрүү жагы айыл ɵкмɵтүнүн жер адиси Асан уулу Жакшылыкка тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Жер жана турак жай курулуш маселелери боюнча комиссиянын тɵрагасы айылдык кенештин депутаты А.Абдыжапаровго тапшырылсын.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |