ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын 15- сессиясы
2019-жылдын 22-ноябры №15
Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵчү ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ
Жан – Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн салык жыйымдары чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵ ыйгарым укуктарын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жан – Булак айыллдык кенешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына , Кыргыз Республикасынын Салык кодексине , Бузуулар жɵнүндɵгү Кодексге, Жергиликтүү ɵзүн - ɵзү башкаруу органына кээ бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды ɵткɵрүп берүүнүн жоболору тууралуу“ 2014 – жылдын 17 –мартындагы № 145 жана 2016 – жылдын 11 - апрелиндеги № 202 токтомдорунун негизинде Жан - Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ салык жыйымдарын чогултуу жана аларды кɵзɵмɵлдɵɵ боюнча тɵмɵнкү ыйгарым укуктары бекитилип берилсин.
2. – Ыктыярдуу жана милдетүү патент салыгын жыйымдарын чогултуу
– Мүлк салыгынын 1,2,3,4, - группасына кирген салык жыйымдарын чогултуу
- Жер салыктарын чогултуу
– Салык боюнча кɵзɵмɵлдɵɵ рейддерин жүргүзүү, салык тɵлɵɵчүнүн салык органдарында регистрацияда тураарын, патенттин негизинде жүргүзүлүп жаткан бардык салык тɵлɵмдɵрүнүн тɵлɵнүшү боюнча иштер
3. Жан – Булак айыл аййиагынын айыл ɵкмɵтүнүн штатык бирдигине ɵзгɵртүү киргизилип, салык адисинин штаты (башкы кызмат орду) жана келишими бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы – айыл аймагынын башчысы Д.Шеримбековго жана финансы – экономикалык бɵлүмүнүн башчысы Ж.Эсенкановага милдеттендирилсин.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |