Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №17
Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнɵ айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” Мыйзамдын 20 – беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жɵнүндɵ”Мыйзамынын 3 – беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Жан – Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын аныктоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнɵ ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ келишим №1 – тиркемеге ылайык бекитилсин. Жана келишим 2020 – жылдын 1 - январынан тартып күчүнɵ кирсин.
Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын аныктоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Жан – Булак айыл ɵкмɵт аймагында аткаруу милдетине экономист- статист Чокоева Наргиза бекитилсин.
Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жана аткаруу жагы Жан – Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековго милдеттендирилсин.
Бул токтом Жан - Булак айыл ɵкмɵтүнүн jan- bulak. Naryn – region. kg расмий сайтына жарыяланган күндɵн баштап күчүнɵ кирет.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |