Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-марты №2
Жан-Булак айыл аймагында “Жан-Булак” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Жан-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жан-Булак” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Жан-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жан-Булак айыл өкмөтүнүн алдында жаңы “Жан-Булак” муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, макулдук берилсин.
Муниципалдык мекеме түзүү, уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Шеримбековго тапшырылсын.
Бул Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Шеримбековго милдетендирилсин.
Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |