Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты №6
Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн Республикада жарыяланган ɵзгɵчɵ кырдаалына даярдык кɵрүүсүнɵ карата каражат бɵлүү жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун “Ɵзгɵчɵ кырдаал ” киргизилгендигине байланыштуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан - Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл ɵкмɵтүнүн жыл башына калган каражатынан 30,0 (отуз)мин сом бɵлүнүп , ƟК карата керектүү дары дармек ,шаймандар жана башкалар алынсын.
2.Бɵлүнгɵн каражатка тиешелүү смета түзүү жана аны ɵз багыты менен пайдаланууну кɵзɵмɵлдɵɵ ,айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
3.Андан аркы кырдаалга карата ,бул каражат жетишпесе –дагы кошумча каражат бɵлүнүп берилээри эске алынсын.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |