Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-июну №50/1
Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду-Мүрөк” ИСКАКБне акча каражатын котору жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги таза суу үчүн бөлүнгөн акча каражаттан
“Бороонду-Мүрөк” ИСКАКБнин ишин жакшыртууга 130 (бир жүз отуз миң) сом
бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |