Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштынын XXXXX сессиясы
2020-жылдын 4-июну №50/2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери Абдылдаев Болотбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга иш планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга жалпы бюджети 394 300 сом деп бекитилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
-131 433 сом жайыттарды жакшыртууга;
-65 520 сом жайыт жер үчүн жер салыгы;
-78 000 сом төраганын айлык акысына;
-66 000 сом бухгалтердин айлык акысына;
-24 840 сом 17,25% соц.төлөмгө;
-22 307 сом ГСМге;
-5 000 сом концелярдык товарга;
-1 200 сом банктын төлөм акысына;
3. 2020-жылга 1 (бир) баш бодого 50 сом, сырттан келген бодого 100 сом, 1 (бир) баш кой-эчкиги 10 сом, сырттан келген кой-эчкиге 20 сом деп бекитилсин, токой чарбанын жеринен пайдалангандар жайыт акынын 70% төлөсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
www.ak-muz- aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын
Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын
облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн
башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |