Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-июну №50/4
Ак-Муз айыл аймагынын жер аянттарын пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6 пунктуна, Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 17-февраль 2020-жылдагы № 08-173 сандуу катына ылайык, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын катаал климаттык шарттын эске алып, жер аянттарын пайдлангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |