Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-июну №50/5
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен спорт тармагына бөлүнгөн 200,0 (эки жүз миң)сом акча каражаты жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен спорт тармагына бөлүнгөн 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатынан 120 (бир жүз жыйырма миң) сому машыктыруучунун айлык акысына, 80 (сексен миң) сому залдын ремонтуна которулуп берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |