Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-июну №50/6
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адис киреше боюнча кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Ак-Муз айыл өкмөтүндө башкы адис киреше боюнча кызмат ордун, келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчун угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Ак-Муз айыл өкмөтүнүн келишими бекитилсин.
Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |