Редакцияот 13.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз  XXXXVII  сессиясы 

 

2019-жылдын 13-декабры №47/2

Эрке Жунушалиева (Ак-Тилек) атындагы бала бакчага акча каражатын карап берүү жөнүндө

Кочкор айыл аймагына караштуу «Эрке Жунушалиева» (Ак-Тилек)  атындагы бала бакчанын ашканасынан өрт чыккандыктан акча каражатын карап берүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 36-беренесине ылайык кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.«Эрке Жунушалиева» (Ак-Тилек) атындагы бала бакчага Кочкор айыл өкмөтүнүн резервдик фондунан 92790 (токсон эки миң жети жүз токсон миң) сом акча каражаты которулуп берилсин.

2. Акча каражатын мыйзамга ылайык жана тез аранын ичинде которуп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Г.Калыковага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков