Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры №48/2
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXXVIII-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын чогулушунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынан Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган, иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине: Деркенбаев Карыпбек Момункулович, Мойденов Рысбек Алиевич, Бейшекеева Светлана Абдыкеримовна, Каныметов Чынгыз Чолпонкулович, Кадырова Айшакан, Тилемишов Темиркул, Деркенбав Шаршенбек Асыкулович, Рысбаев Топчубек Акимжанович, Бейшекеев Таалайбек Темирбекович, Сапаев Адамбек, Султанбекова Бурулбүбү Сулаймановна, Муканова Гүлшан Мурзабековна, Караев Советбек Турганбекович, Беккожоев Муканбет Ишеновичтердин талапкерликтери сунушталсын.
3.Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |