Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры №49/6
Кочкор айыл аймагынын “Кочкор -Тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жана тарифин бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезексизXXXIX сессиясы “Кочкор-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Биялиеваныны билдирүүсүн угуп, талкуулапКыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдагы аткарган иштери “канаттандыраарлык” деп табылсын.
“Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруудагы кызматы үчүн Кочкор айыл аймагынын тургундарына ар бир түтүнгөтариф 200 сом өлчөмүндө бекитилсин, бул төлөмдүн 100 сому жергиликтүү бюджетин эсебинен субсидия катары бөлүнүп берилсин.
Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын үнөмдүү жана максатуу пайдалануу менен муниципалдык ишканага таштанды чыгаруу үчүн автоунаа алууга жетишүү ишкананын жетекчиси Б.Биялиевага тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |