Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-январы №50/2
Бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган каражаты жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын Кочкор айыл аймагындагы бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган каражатын бөлүштүрү боюнча сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу»жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган 1076193,54 (бир миллион жетимиш алты миң бир жүз токсон үч) сом 54 тыйын акча каражаты бала бакчалардын тамак аш менен камсыз кылууга жана ар кандай чыгымдар үчүн бөлүнсүн.
№ | Аталышы | суммасы |
2215 | ар кандай чыгым учун 830*500с | 415000 |
2218 | Тамак-ашка | 661193,54 |
| Баардыгы | 1076193,54 |
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |