Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №4-13
Ат-Башы токой чарбасынын директору А. Таштанбековдун оозеки кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы токой чарбасынын директору А. Таштанбековдун токой чарбага тиешелүү жерлерге турак жайлар салынып кеткендигине байланыштуу ордуна башка жер бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ат-Башы айылына тиешелүү 142 га жер аянты Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 09.10.2018-жылдагы №83 аныктамасы менен такталган контурлары боюнча өзгөрүүсүз калтырылсын;
Ат-Башы токой чарбасынын директору А. Таштанбековдун турак жайлар салынып кеткен жерлердин ордуна жер аянттарды алмашуу жөнүндөгү сунушу аткаруусуз калтырылсын;
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары | К.Асанбаева |