Загрузка документа…
БАШ КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 27-декабры №6/1
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айыл аймагынын салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Киреше бөлүгү
Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык- 3103,5сом
Тендештирилген грант - 6608,6 сом
Баары : 9712,1 сом
Чыгаша бөлүгү
Башкаруу аппаратына - 5542,1 сом
Маданият бөлүмүнө - 1227,5 сом
Билим берүү бөлүмүнө- 2282,3 сом
Атайын каражат -368,0 сом
Экономикалык маселелер (жайыт)-292,2 сом
Баары: 9712,1 сом
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2021- 2022-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
2021-жылга жергиликтүү киреше-3433,5сом ,Тендештирилген грант -6327,0
Баары: 9760,5 сом
2022-жылга жергиликтүү киреше -3537,5 сом,Тендештирилген грант- 6391,8 сом
Баары: 9929,3 сом
Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
Төрага: | Ж. Асеков |