Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4 апрели №1
Орток айыл аймагында спирт ичимдиктрин сатууга чектөө киргизүү жөнүндө
Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 22-б буйругунун негизинде түзүлгөн штабынын 04.04.2020-жылдагы отурумунун № 4 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө » Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орток айыл аймагында Коронавирус илдетин алдына алуу жана Жарандык коргонуунун башкарууну уюштуруу иштери Орток айыл аймагында аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 22-б буйругунун негизинде түзүлгөн штабынын 04.04.2020-жылдагы отурумунун № 4 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө » Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык Орток айыл аймагындагы соода кылуучу дүкөндөр эртен мененки саат 8:00дөн кечки саат 18:00 гө чейин соода кылууга чектөө киргизилсин.
3. Орток айыл аймагындагы соода кылуучу дүкөндөр Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 22-б буйругунун негизинде түзүлгөн штабынын 04.04.2020-жылдагы отурумунун № 4 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө » Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык Коронавирус илдетин алдына алуу жана Жарандык коргонуунун башкарууну уюштуруу иштери бүткөнгө чейин спирт ичимдиктерин сатпоого чектөө койулсун.
4. Спирт ичимдиктерин сатырбоо түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адиси Б.Асаналиевге жана айыл башчылар А.Осмонов, Б.Аалиев, А.Океновго милдеттендирилсин.
5. Мыйзам бузган учурларда админстративдик айып салынары эскертилсин.
6. Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Өмүрзаковго млдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун тиешелүү ишкана мекемелерге билдирүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сеңирбаевге милдеттендирилсин.
Орток айылдык кенешинин төрагасы | Субанбеков.К.А |