Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4 апрели №2
Орток айыл аймагында талаачылык иштерин иштөөдөгү техникалардын жана малчылардын жайкы бакчу малдаррынын бааларын бекитүү жөнүндө
Орток айыл аймагынын айыл өкм өтүнүн 2020-жылдын 24-февралындагы Таш-Башат, Кайыңды, Эки-Нарын айылдарынын жашоочуларынын № 5 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө » Мыйзамынын 36-беренесинин 2-пунктуна ылайык Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орток айыл аймагында жазгы айдап себүү, күзгү оруп жыйноо иштери төмөндөгү баада бир гектар жер аянтына бекитилсин.
-дын жерди айдоо 1000 (ми ң) сом, 30 литр солярка
-аныз жерди айдоо 800 (сегиз жүз) сом, 30 литр солярка
-тырмоо 500 (беш жүз) сом, 10 литр солярка
-себүү 500 (беш жүз) сом, 10 литр солярка
-шакап салуу 100 (жүз) сом, 3 литр солярка
-ч өп чабуу 1000 (ми ң жүз) сом, 10 литр солярка
-тырмоо 500 (беш жүз) сом, 10 литр солярка
-чоп прест ө ө (бир прес үчүн) 8 (сегиз) сом, 10 литр солярка жиби жер ээсинен
-дан эгинин чаптыруу 1800 (бир миң сегиз жүз) сом, 30 литр солярка
2. Орток айыл аймагында малдарын бактыруу төмөнд өгүдой баада бекитилсин.
- майда жандык (кой, эчки) бир башка 35 (отуз беш) сом. Жайыт акыны мал ээси толойт.
- бир бодо мал башына 150 (бир жүз элүү) сом. Жайыт акыны мал ээси т өл өйт.
- карышкыр жесе жоголсо баккан адам ордун мал ээсине төлөп берет.
3. Корук, жайлоого к өчүү, жайлоодон к өчүп келүү иштери айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн.
4. Мыйзам бузган учурларда админстративдик айып салынары эскертилсин.
5.Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.+мүрзаковго млдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун тиешелүү ишкана мекемелерге билдирүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Се ңирбаевге милдеттендирилсин.
Орток айылдык кенешинин төрагасы | Субанбеков.К.А |