Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы №40/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган атайын каражатты пайдалануу,ата-энелерден тамак-аш үчүн алынуучу каражаттын тарифин бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган атайын каражатты пайдалануу,ата-энелерден тамак-аш үчүн алынуучу каражаттын тарифин бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинде жыл башына калган атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 77,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын:
-"Аруу тилек" балдар бакчасына өткөн жылдан тамак-аш алуудан карызын жабууга 43,5 миң сом;
-"Небере" балдар бакчасынын тамак-аш алуудан карызын жабууга 24,9 миң сом; -"Бала нур" балдар бакчасына өткөн жылдан тамак-аш алуудан карызын жабууга 8,6 миң сом;
3. Демөөрчүлүк негизинде ата-энелерден бала бакчадагы балдарынын тамак-ашына алынуучу взностун көлөмү айына 400 сом деп бекитилсин.
4. Тиешелүү документтерди даярдоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж |