Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы №40/3
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган каражатты пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин жыл башында калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 58,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
-Компьютерлерди оңдоо кызматы үчүн 4,5 миң сом;
-жолбун иттерди атууга 10,0 миң сом,
-Алыш айылындагы "Бала нуру" балдар бакчасынын жаңы имаратка көчүп киргендиги-
не байланыштуу жаңы энергопаспорттун негизинде кошумча 7 тн көмүр алып баруу
үчүн 18,5 миң сом бөлүнсүн.
-Айыл өкмөттун "НИВА 2121" автомашинасына автошиналарын алмаштырууга 10,0 миң
сом;
-Ө. Токтосунов атындагы орто мектептин от казанына кошумча мотор алып берүүгө 15,0
миң сом;
Бардыгы 58 ,0 миң сом..
3. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж |