Загрузка документа…
| Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кенешинин 2020-жылдын 26-февраль айынын ХХVII-чакырьшышьшьш кезексиз сессиясынын 42-1 токтомуна тиркеме |
Нарын облусуидагы Нарын районунун Дөбөлу айыл өкмөтундөгү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
2. Жер комиссиясын түзүү тартиби
3. Жер комиссиясынын иш милдеттери
4. Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
1.Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 бекиген токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 бекиген токтомуна, ушул Регламентке жана Кыргыз Республикасыньш башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
2.Жер комиссиясынын түзүү тартиби
2.1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү 7 адамдан кем эмес санда Жер комиссиясын түзөт. анын курамына жергиликтүү кеңештин Зтөн кем эмес депутаты кирет.
Айьш өкмөтүнүн башчысы Комиссиясынын курамына кызматы боюнча кирет.
Жер комиссиясынын курамына ошондой эле айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук
уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын комиссиянын төрагасы шайланат.
Жер комиссиясынын катчысы болуп айыл өкмөт\?нүн катчысы дайындалат.
Жер комиссиясынын курамына райондук архитектура жана кыймылсыз мүлккө укуктарды
каттоо башкармалынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
2.2. Райондук агрардык өнүктурүү башкармалыгынын өкүлү Жер комиссиясынын отурумдарьша Байкоочу катары катышканга укуктуу.
2.3. Жер комиссиясынын курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
2.4. Жер комиссиясыныи ишин уюштуруучулук камсыздоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жүргүзөт.
З.Жер комиссиясынын иш милдеттери
3.1.Жер комиссиясы төмөнкү иш милдеттерди ишке ашырат:
- аукңионду өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт;
- лотторду түзөт;
- ижара акысынын баштапкы же белгиленген өлчөмүн аныктайт;
- конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмдүн өлчөмүн аныктайт;
- лоттордун чегараларын аныктайт;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүи аныктайт;
- ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
ар бир лот боюнча аукциондун «кадамынын» өлчөмүн аныктайт;
- ижара акысын төлөө формаларын жана мөөнөттөрүн аныктайт;
- талапкерлерге аукционго катышууга укук берүү- (же уруксат берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат;
- аукцион өткөрүүгө катышат;
- конкурсту өткөрөт;
- тооруктун жыйынтыктарынын протоколуна кол коет;
- кабыл алган арыздардын жана аларга тиркелген документтердин КРнын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык ижарачыга коюлуучу талаптарга жооп берерин текшерет;
- тоорук өткөрүү жол-жобосу менен байланышкан бардык талаш маселелерди чечет;
- КР мыйзамдары менен белгиленген башка иш милдеттерди аткарат;
3.2.Жер комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик администрациянын тиешелуү кызматтарынан, бөлүмдөрүнөн жана чарбакер субъектилерден документтерди, корутундуларды, эксиертиза актыларын жана отурумдарда каралуучу маселерге тиешеси бар башка материалдарды алганга;
- эксперттерди, анын ичинде көз каранды эмес эксперттерди, тиешелүү корутундуларды даярдоо боюнча ишке тартканга;
- өз ишмердиги жөнүндөгү материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялаганга:
4.Жер комиссиясынын отурумуи уюштуруу жана өткөрүү тартиби
4.1. Жер комиссиясы өз ишмердигин отурумдар түрүндө ишке ашырат. Отурумдардын жыйынтыктарына протокол толтурат, ага Жер комиссиясынын катчысы, төрагасы жана башка бардык катышкан мүчөлөрү кол коет.
4.2. Жер комисеиясынын отуруму Комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрү өткөрүлөт.
4.3. Жер комиссиясынын отурумун Жер комиссиясынын төрагасы өткөрөт.
4.4. Жер комиссиясынын отуруму эгерде ага жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса чечим кабьш алганга укуктуу болуп эсептелет.
4.5. Жер комиссиясынын чечими ачык добуш берүү аркылуу катышкандардын көпчүлүгүнүн жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
4.6. Жер комиссиясынын мүчөсү түздөн-түз каржылык жактан кызыктар же арызы каралып жаткан адамга туугандык мамиледе болсо, Жер комисеиянын мыидай мүчөсү бул маселени караганга жана ал боюнча чечим кабыл алганга катышууга укуктуу эмес.
4.7. Жер комиссиясынын мүчөлөрүнө боло турган отурум жөнүндө аукцион өткөргөнгө 3 күн калганга чейин билдирет.
4.8. Отурумдун башында Жер комиссиясынын төрагасы талкууланып жаткан маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден түшкөн расмий корутундулардын мазмунуна жараша иштөө тартибин аныктайт