Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы №42/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркынын жер аянтында жайгашкан Дөбөлү жана Алыш айылдардын таза суу курулуштарын айыл өкмөттүн карамагына өткөрүү жөнүндө
2024-жыга чейин калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу программасын ишке ашыруу үчүн жана таза суу долбоорун жүзүгө ашыруу максатында жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча комиссиясыны отурумунун 2020-жылдын 26.02. № 1 токтомунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү жана Алыш айылдарынын таза суу тазалоо курулуштардын (капташтар, фильтирлер), суу сактагьгчтардын (водорезервуар) ээлеген жер аянттары тиешелүү мекемелердин жана "Салкын-Төр" мамлекеттик жаратылыш паркынын өкүлдөрү менен бирдикте комиссия түзүлүп аныкталсын.
2. Дөбөлү жана Алыш айылдарынын таза суу тазалоо курулуштардын (капташтар, фильтирлер), суу сактагычтардын (водорезервуар) ээлеген жер аянттардын ордуна айыл өкмөттүн жайыт жерлерин "Салкын-Төр" мамлекеттик жаратылыш паркына алмашуу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар категориясынан, өнөр жай, транспорт, өндүрүш, байланыш, коргонуу жерлери жана башка багыттагы жерлерге которуу (трансформация) жагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Дөбөлү жана Алыш айылдарынын таза суу тазалоо курулуштардын (капташтар, фильтирлер), суу сактагычтардын (водорезервуар) ээлеген жер аянттардын ордуна айыл өкмөттүн жайыт жерлерин "Салкын-Төр" мамлекеттик жаратылыш паркына алмашуу жана башка жерлерге которуу (трансформация) жагы боюнча тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу, айыл өкмөттүн карамагына алуу иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөттүн жер адиси Б.Токталиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж |