Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы №42/3
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Дөбөлү айылынын «Кабак» аймагындагы там салууга берилген жерлерди тактоо жөнүндө
Дөбөлү айылдагы "Кабак" аймагындагы жерлер там салууга берилип, бирок азыркы күнгө чейин айрым жерлеринин ээлеринин там салуу боюнча токтомдору жок болуп, бош жерлер деп, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын системалык (жер картасы картасында катталып тургандыктан жана Нарын облустук архивдик мекемесинен там салууга берилген жарандарын токтом жок деп маалымат берилгендиктен, Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча комиссиясыны отурумунун 2020-жылдын 26.02. № 2 токтомунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кабак» аймагында жашап жаткан жарандардан сурап, тактап, ар биринен маалымат кагазын алып, жер комиссиясына жана жергиликтүү депутаттарга сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж |