Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы №42/4
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Дөбөлү айылындагы кошумча огороддор жөнүндө
"Ленин" колхозу жоюулар алдында 0,25 га кошумча огороддор берилген. Өмуралиев Абдыкайымга жана Садыкова Ракыймага мүрзөнүн үстүнөн 0,5 га берилген. Бирок көрүстөндөр көбөйүп, берилген огороддун орду мүрзөлөр ээлеп жататкандыктан жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча комиссиясыны отурумунун 2020-жылдын 26.02. № 3 токтомунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айылындагы "Кургак" участкасындагы каналдын үстүндө жайгашкан А.Өмүралиевдин жана Р.Садыкованын кошумча огороддору айылдын көрүстөнүнө берилсин.
2. А.Өмүралиевдин жана Р.Садыкованын кошумча огороддору айылдын башка жерлеринен такталып берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Добөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж |