Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты №43/1
Жазгы айдап себүү, оруп жыюу боюнча элге көрсөткөн механизаторлорго төлөнүүчү тарифтерди жана жайлоолордо мал багуунун кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
Жазгы жер айдап себүүгө кызмат көрсөткөн механизаторлорго төлөнүүчү тарифтерди бекитип берүү боюнча Дөбөлү айыл аймагынын тургундарынын сунушнун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жазгы айдап себүү, оруп жыюу мезгилинде механизаторлор тарабынан кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлонүүчү тарифтер төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин.
- жазгы талаачылык иштерин бүткөрүүдө трактористтин сок менен айдоодо эмгек акысы ДТ-75 тракторго 1 га жерге - 30 литр солярка майы, эмгек акысы 1000 сом;
- дөңгөлөктүү тракторго 1 га жерге - 22 литр солярка майы, эмгек акысы 900 сом;
- тырмоого 1 га жерге - 10 литр солярка майы, эмгек акысы 400 сом;
- тырмоого каптал менен 1 га жерге - 8 литр солярка майы, эмгек акысы 400 сом
- экинчи кайталап тырмаган болсо, 1 га - 7 литр солярка майы, эмгек акысы 150 сом;
- сеялкага 1 га - 10 литр солярка майы, эмгек акысы 400 сом;
- шакап тарттыруу үчүн 1 га - 4 литр солярка майы, эмгек акысы 100 сом;
- чөп чаптыруу косилка менен 1 га - 10 литр солярка майы, эмгек акысы 1000 сом;
- чөп чаптыруу жадка менен 1 га -10 литр солярка майы, эмгек акысы 1300 сом;
- чөп тартууда 1 тележкага "Ак-Тамдан" айыл ичине - 10 литр солярка майы, 2 тележкага 15 литр солярка майы, эмгек акысы 600 сом;
- чөп тартууда трактор менен 1 тележкага жакын жерден айыл ичине - 5 литр солярка майы, эмгек акысы 300 сом, 2 тележкага 5 литр солярка майы эмгек акысы 600 сом;
-чөп тартууда камаз "Ак-Тамдан" айыл ичине эмгек акысы 1500 сом, солярка майы ичинде, жакынкы жерлерге эмгек акысы 1000 сом майы, солярка майы ичинде;
-эгин чаптырууда комбайн менен 1 га жерге - 25 литр солярка майы эмгек акысы 1700 сом;
-топону камаз менен тартып келүүдө эмгек акысы 800сом;
-шагылды камаз менен тартып келүүдө эмгек акысы 1500сом;
-тегирменге талкан үчүн 1 капка эмгек акысы 50сом;
2. Жайлоого мал багууда кой-эчки, мал башына айына 40 сом, бодо мал башына айына 150 сом.
3. Айдоо жерлерди коруганга 1 га жерге 500 сом, же 5 түп пресс чөп.
4. Корук ушул жылдын 20-апрелинде башталат.
5. Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж |