Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-марты №44/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган каражатты өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштерине пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин жыл башында калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүн талкуулап,Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 41 ,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
-Күйүүчү май алууга 10,0 миң сом;
-башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн 6 ,0 миң сом,
-Өзгөчө кырдаал учурунда кийилүүчүү атайын коргоочу кийимдерди жана башка инвен-
тарларды алууга 5,0 миң сом бөлүнсүн.
-Өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине пайдаланылуучу чарбалык буюмдарды жана
санитардык -гигиеналык каражаттарды сатып алууга 20,0 миң сом.
Бардыгы 41 ,0 миң сом.
3. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж |