Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-марты №44/2
Дөбөлү айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык- Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнун 2017-жылдын 1- январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетун талкууло жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнун 2017-жылдын 1 -январынан 2018-жылдын 31 -декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетун талкуулап,Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча жазма буйруктарынынын толук көлөмдө аткарылышы камсыздалсын.
2. Подрядцы "Эр Улан" ЖЧК сынын эсебинен "Дөбөлү айылындагы клубдун чатырын оңдоп түзөө" жумуштарын аткарууда 32,9 миң сомго көтөрмөлөнгөн курулуш-монтаж иштери подрядчы тарабынан калыбына келтирилсин.
3. Аталган сумма 32,9 миң сом Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебине чегерилип берилсин.
4. Тиешелүү документтерди даярдап жана жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Алсейитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж |