Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21–октябры № 27/3
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин, Эпкин (89-500 чакырым) -Баш Кууганды(159-200 чакырым) авто жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын 30.09.2019. №191 кортундусунун негизинде карьер катары инерттик материалдарды убактылуу пайдаланууга макулдук берүүнү суранган кайрылуу катын угуп жана талкуулап Чолпон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. 91+680 чакырымынынон тарабында жолдон 71м алыстыкта 11.2га 2. 92+630 чакырымынын он тарабында жолдон 525м алыстыкта 15.6га
3. 94+080 чакырымынын он тарабында жолдон 39м алыстыкта 1.04га
4. 100+790 чакырымынын он тарабында жолдон 54м алыстыкта 1.8га
5. 106+350 чакырымынын сол тарабында. жолдон 78м алыстыкта 2.5га
6. 106+420 чакырымынын он тарабында жолдон 250м алыстыкта 3,3га
7. 110+900 чакырымынын он тарабында жолдон 94м алыстыкта 2.1га
Жогорудагы көрсөтүлгөн инерттик материалдарды казып иштетүүгө алынган жайыт жерлерин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын “Жайыттар” мыйзамына ылайык Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен “Тодини” курулуш компаниясынын ортосунда келишим түзүлүп, убактылуу пайдаланууга берилсин.
2.Буйрук чыгарып, мыйзамдаштыруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Токтомушов |