Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21–октябры № 27/5
Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” 2013-жылдын 9-июлунундагы №127 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-3-бөлүктөрүнө ылайык Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Чолпон аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоого керектөлүүчү каржылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Чолпон айыл өкмөтүнүн каржы –экономикалык бөлүмүнүн башчысы башкы-эсепчи А.Усубалиевге келишимде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан которулган акча каражатын жергиликтүү бюджетке которулуусуна көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын
Төрага | Т. Токтомушов
|