Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25–ноябры № 28/2
“Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун аренда акысын төлөө жөнүндө
“Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коом менен айыл өкмөтүнүн ортосунда аренда акысын төлөө үчүн түзүлгөн келишимдин талаптары аткарылбай жаткандыгы жөнүндө Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун маалыматын угуп жана талкуулап Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчилигине айыл өкмөттүн атынан кат жолдонсун.
2. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөр так көрсөтүлсүн жана “Чоң-Туз” ЖЧК жетекчисине эгерде тез арада төлөнбөсө, айыл өкмөтү тиешелүү органдарга кайрыла тургандыгы эскертилсин.
Төрага |
Т. Токтомушов |