Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25–ноябры № 28/4
Жеке ветеринардык сервистердин кайрылуусу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүндөгү жеке вет.сервистерге тиешелүү болгон материалдык баалуулуктарды жалпы пайдаланууга берүү жөнүндө жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүчү Сагындыков Нурдостун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири мүйүздүү малдарга идентификация иштерин жүргүзүү үчүн бир кабинетке компьютерди орнотту жана айыл тургундарынын мал жандыктарына берилүүчү маалымдамаларды айыл өкмөтүнөн жазып берүү жагы айылдык вет. сервистерге тапшырылсын.
2.Ири мүйүздүү малдарга идентификация иштерин жүргүзүүнү жана маалымдамалардын жазылып берилишин көзөмөлдөө жагы “Мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адис” Ч.Ишеновго жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
3.Жеке вет сервис Айтиева Айнура, карамагындагы ветеринарларга тиешелүү материалдык баалуулуктар: бир даана мототцикл, ноутбук, телефон, аплекаторлорду 2019-жылдын 15- декабырынан кечиктирбей айыл өкмөтүнө алып келип тапшырсын.
4. Ветеринарларга тиешелүү болгон материалдык баалуулуктарды өткөрүп алууга комиссия түзүп, айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |