Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3–декабры № 29/3
Жумакеева Жылдыздын менчик тамын ижарага алуу жөнүндө
Эпкин айылындагы ачыла турган бала бакчага Эпкин айылынын тургуну Жумакеева Жылдыздын Сман көчөсү № 41 дарегинде жайгашкан менчик тамын ижарага алуу жөнүндө №4154 Эпкин шайлоо аймагынын депутаты Женишбеков Чолпонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эпкин айылынын тургуну Жумакеева Жылдыздын Сман көчөсү № 41 дарегинде жайгашкан менчик тамын бала бакча ачуу үчүн ижарага берилсин (үй ээсинин макулдугу менен).
2. Чолпон айыл өкмөтү менен ижарга берүүчү Ж.Жумакееванын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
Төрага |
Т. Токтомушов |