Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3–декабры № 29/5
Туз айылына кичи футбол аянтчасын түрткү берүүчү грант аркылуу куруу жөнүндө
Туз айылындагы эски мончо участогунун түндүк тарабында бош жаткан жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу үчүн түрткү берүүчү грант аркылуу 2 996 920 (эки миллион тогуз жүз токсон алты миң тогуз жүз жыйырма) сом менен куруу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өздүк салым үчүн 15 (он беш) пайыздык 449 538 (төрт жүз кырык тогуз миң беш жүз отуз сегиз ) сомду Туз айылындагы эски мончо участогунун түндүк тарабында бош жаткан жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен долбоорго бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго жүктөлсүн.
Төрага |
Т. Токтомушов |