Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26–декабры № 30/4
Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кароо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 беренесинин 6 бөлүмүнө ылайык айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытында эмес жерлердин базалык ставкасын кароожөнүндө Чолпон айыл өкмөтүнүн “Киреше боюнча башкы адиси” Р.Асыранкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020- жылдан баштап айыл чарба багытындагы жерлердин салыгынын базалык ставкасы гектарына: - суу баскан аянтка 0,0605% же 114-00 (жүз он төрт ) сомго;
-кайрак, насос жерлерге 0,351 % же 24-99 (жыйырма сом, токсон тогуз) тыйынга; - чөп чабынды жерлерге 0,518 % же 19-05( он тогуз сом нол беш) тыйынга ;
-жайыт жерлерге 0,111% же 2,50 (эки сом элүү) тыйынга жогорулаган өлчөмдө бекитилсин.
2. Тазалык жыйымы жылына бир жолу ар бир жанга 10 (он) сом өлчөмүндө өзгөрүүсүз калтырылсын.
Төрага |
Т. Токтомушов |