Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26–декабры № 30/5
“Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коом менен 2000-жылдагы жана 2019-жылда түзүлгөнкелишимдерди жокко чыгаруу жөнүндө
2000-жылы түзүлгөн эки тараптуу келишим юридикалык күчкө ээ болбогондуктан жана 2019-жылдын 6-августунда түзүлгөн келишимдин талаптарын аткарбагандыктан, “Чоң-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомуна 2019-жылдын 24-октябрындагы № 641 жана 26-ноябрындагы № 720 кат менен кайрылуубир нече ирет айыл өкмөтүнөн жиберилген. Катта келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, тез арада төлөп берүү жагы белгиленген , буга карабастан аренда акысын төлөбөгөндүгү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Боогачиев Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2000-жылы түзүлгөн эки тараптуу келишим каттоодон өтпөгөндүктөн жана юридикалык күчкө ээ болбогондуктан түзүлгөн келишим жокко чыгарылсын.
2. 2019-жылдын 6-августундагы эки тараптуу түзүлгөн келишимдин талаптары аткарылбагандыктан, келишимди жокко чыгаруу жагы айыл өкмөттүнүнбашчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |