Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXI сессиясы 

 

2020-жылдын 21-февралы №51/3

Т.Ж.Медеркулов жана Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө 

 Т.Ж.Медеркулов жана Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишим менен таанышып, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Т.Ж.Медеркулов жана Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү менен Кочкор айыл аймагынын Токтогул көчөсүнүн №57 дарегинде жайгашкан турак-жайды бала бакча куруу үчүн Кочкор айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.

 2.Эки тараптуу түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди так аткарууну камсыз кылуу жагы жана бала бакча курууга тийешелүү документтерди даярдоо Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков