Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы №51/4
Кочкор айыл аймагына караштуу кен иштеткен башка ишканалардан, айыл аймагынын тургундарынан, демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын жана социалдык пакетин натыйжалуу пайдалануу максатында Кочкор айыл өкмөтүнүн алдында “Кочкор айыл аймагынын өнүктүрүү фонду” түзүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагына караштуу жер аянттарынан, кен иштеткен башка “ишканалардан, айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн акча каражаттарын жана социалдык пакетин натыйжалуу пайдалануу максатында Кочкор айыл өкмөтүнүн алдында “Кочкор айыл аймагынын өнүктүрүү фонду” түзүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл өкмөтүнүн алдында “Кочкор айыл аймагынын өнүктүрүү фонду” мекемеси түзүлүп, уставы бекитилсин.
2.Кочкор айыл өкмөтүнүн алдында “Кочкор айыл аймагынын өнүктүрүү фонду” мекемесин түзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысына “Кочкор айыл аймагынын өнүктүрүү фонду” мекемесинин аталышын, уставын, юридикалык аталышын, фондун башчысын жана бухгалтерин буйрук чыгарып бекитүү жагы милдеттендирилсин.
4.Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5.Өнүктүрүү фондунун башчысы ишмердүүлүгү боюнча Айылдык Кеңешке бир жылда бирден кем эмес отчету берилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кочкор айылдык кеңештин төрагасына калтырамын.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |