Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXX сессиясы 

 

2020-жылдын 21-февралы №51/5

Большевик айылына кышкы сезонго карата көмүр кампа ачууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 Большевик айылына кышкы сезонго карата көмүр кампа ачууга жер аянтын карап берүү маселеси жана Нурмамбетов Самедтин сунушун карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Большевик айылындагы кампанын ордунан кышкы сезонго көмүр кампа ачууга жер аянты беш жылдык мөөнөткө арендеге берилсин.

 2.Бул токтомдун аткарылышы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.

 

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков