Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXI сессиясы 

 

2020-жылдын 21-февралы №51/6

Кочкор айыл аймагынын «Кочкор Ак-Булак» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө

Кочкор айыл аймагынына караштуу Таза суу муниципалдык ишканасын түзүү максатында «Кочкор Ак-Булак» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кочкор айыл өкмөтүнүн алдында «Кочкор Ак-Булак» муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.

 2.Кочкор айыл өкмөтүнүн алдында «Кочкор Ак-Булак» муниципалдык ишканасын түзүү жана Уставга ылайык иш жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кочкор айылдык кеңештин төрагасына калтырамын.

 

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков