Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы №51/7
Кочкор айыл өкмөтүнүн 31.05.2003-жылдагы №81-чечимин жокко чыгаруу жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнө Нарын областык Юстиция башкармалыгы 2003-жылы мамлекеттик нотариалдык конторанын имаратын куруу үчүн жер аянтын сурап кайрылган эмес, бирок системалык каттоонун убагындагы чечимдерди көп чыгаруунун натыйжасында Кочкор айылынын С.Орозбаков көчөсүнөн РИИБнүн жер аянтынын батышынан мамлекеттик нотариалдык конторанын имаратын куруу үчүн деп Кочкор айыл өкмөтүнүн 31.05.2003-жылдагы №81-чечими менен 0,0086 га (86 м2) жер аянты туура эмес бөлүнгөн, түп нускасы жок болсо да системалык каттоонун учурунда райондук мамкаттоо башкармалыгында каттоодон туура эмес өтүп калган. Нарын областык Юстиция башкармалыгынын кайрылуусунун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 01-12\253 каты жана Кочкор райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин өкүлү Кочкор айылдык кеңешине жазган 2019-жылдын 3-апрелинде №4 катынын негизинде «Сейил» гүл бакчасындагы «Социалдык коргоо жана эмгекке жайгаштыруу башкармалыгынын» имаратынын түндүк тарабынан 200 чарчы метр аянты бөлүнүп берилген. Бир эле нотариалдык мекемеге бир максатта эки имарат курууга жер берүүгө болбой тургандыктан, Сагымбай көчөсүндөгү жер тилкесинин өлчөмү өтө тар болуп комплексный имарат куруу мүмкүн эмес болгондуктан, кошуна жайгашкан Исакеев 27-турак жайдын жашоочулары нотариаттын курулушуна каршы болуп жаткандыктан, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 4.09.2019-жылдагы №01-9/793-катынын негизинде райондук элин тейлөө максатында нотариат, адвокатура жана пробация жагынан тейлөө үчүн комплексный имарат курууга кенен жер тилкеси берилгендиктен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор райондук нотариалдык конторасына имарат курууга 0,0086 га (86 м2) жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн 31-май 2003-жылдагы №81-чечими жокко чыгарылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |