Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-апрели №52/2
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Короновирус пандемиясынын COVID 19 инфекциясын алдын алуу максатында Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXII-сессиясында акча каражатын бөлүштүрүү маселесин карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл аймагына короновирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу үчүн жылдын башында ген планга каралган акча каражатынын ичинен 162,0 (жүз алтымыш эки миң) сом акча каражат ар кандай кырдаалдар үчүн бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүштүрүү жагы Кочкор райондук финансы бөлүмүнөн суралсын, токтом боюнча иш алып баруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Г.Калыковага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |