Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-апрели №53/2
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 52\2 токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 6-беренесинин 6-бөлүмүнүн 2-пункту жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренсинин 22-пунктуна ылайык Короновирус пандемиясынын COVID 19 инфекциясын алдын алуу максатында Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 52\2 токтомуна өзгөртүү киргизүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 52\2 токтому менен өзгөчө кырдаалга карата бөлүнгөн 162,0 миң сом өзгөрүүсүз калтырылсын жана Кочкор айыл аймагына короновирус инфекциясынын алдын алуу үчүн бул акча каражатынан Кочкор айыл аймагында жашап эмгектенген медицина кызматкерлерине жардам катары 100 (жүз) дааны форма даярдалып берилсин.
2.Токтомго ылайык иш алып баруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык башчысы Г.Калыковага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |