Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-марты №6
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана Нарын шаарынын экономикалык – социалдык өнүгүүсүнө, маданий жана коомдук турмушуна салым кошкон өзгөчө эмгектерин эске алып, 21-март Нооруз майрамына карата, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын "Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
- Абдраева Замира,
- Аблабеков Келдибек,
- Балыкбаева Алтынбүбү Эстебесовна,
- Бердикожоева Анара Кадыровна,
- Идирисов Таалайбек Бокенович,
- Орозказиев Жээнбек Бейшенбаевич,
- Тазабекова Токтобүбү,
- Аскарбеков Айбек Аскарбекович(төраганын квотасы менен),
- Бейшебаев Бакыт Токтогулович (төраганын квотасы менен).
2. Жобого ылайык жогорудагы наам ыйгарылган жарандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ботоканов |