Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 1
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө техника алуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн айыл чарба жумуштарын жана айыл аймагындагы көптөгөн ар кандай жумуштарды бүткөрүү үчүн айыл өкмөтүнө «ХМ 956» маркасындагы трактор - погрузчик алуу максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл өкмөтүнүн айыл чарба жумуштарын жана айыл аймагындагы көптөгөн ар кандай жумуштарды бүткөрүү үчүн айыл өкмөтүнө «ХМ 956» маркасындагы трактор - погрузчик алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 3727000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 372700 сом акча каражатын тиешелүү жерге которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |