Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 2
«Мыкты айыл өкмөтү -2019» кароо - сынагынан утуп алган акча каражатын бөлүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтү «Мыкты айыл өкмөтү -2019» кароо- сынагынан утуп алган акча каражатын эки айылга балдар аянтчасын куруу жана айыл аймактагы көчө жарыктарынын жагылган электр энергиясына төлөө максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтү «Мыкты айыл өкмөтү -2019» кароо- сынагынан
утуп алган 500000 сом акча каражатынан 400000 сомду Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарындагы балдар ойноочу аянтча куруу үчүн жана айыл аймактагы көчө жарыктарынын жагылган электр энергиясына 100000 сомду төлөө үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 400000 сом жана 100000 сом акча каражатын тиешелүү жерге которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |