Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 3
Казыбек айылынын көчөлөрүнүн жарыктандыруусуна акча каражатын бөлүү жөнүндө
Казыбек айылынын А.Сыдыкбеков жана Ү.Ажыбеков көчөлөрүнүн электр жарыктандыруусуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылынын А.Сыдыкбеков жана Ү.Ажыбеков көчөлөрүнүн электр жарыктандыруусуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен 138000 сом акча бөлүп берилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 138000 сом акча каражатын тиешелүү жерге которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |