Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 4
Чөп катары чабылып кеткен дан эгиндери жөнүндө
Казыбек айыл аймагында 2019-жылы 135 гектар арпа айдалып, мунун 67 гектары быйылкы жыл кургакчыл болуп жашыл тоют аз болгондуктан чөп катары тоютка чабылып кеткендиктен, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Быйылкы жыл кургакчыл болуп жашыл тоют аз болгондуктан 67 гектар арпа аянты чөп катары тоютка чабылып, актылары түзүлүп уруксат берилген-диги белгиленсин ( айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 3- октябрындагы № 96 буйругу тиркелет).
2.Чөпкө чабылган 67 гектар арпа аянты статистикалык отчеттуулуктан
чыгаруу жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн суралсын.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарба боюнча башкы адис М.Шермамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |