Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 5
Жаңы-Күч айылынын Ж.Кайыпов орто мектебинин бир классын ремонттоо жөнүндө
Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин информатика кабинетин класс кылып даярдоо үчүн ремонтуна жана кошумча корпустагы информатика кабинетинин терезесин темир тор менен тосуу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин информатика кабинетин класс кылып даярдоо үчүн ремонтуна жана кошумча корпустагы информатика кабинетинин терезесин темир тор менен тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 4745 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Ремонтко бөлүнгөн 4745 сом акча каражатын тиешелүү жерге которуп
жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |