Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 6
«Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасына жардам берүү жөнүндө
Казыбек айылындагы «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасына Япон гранты аркылуу келген жаңы электр техникаларын иштетүү үчүн жумуштарды аткаруу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасына Япон гранты аркылуу келген жаңы электр техникаларын иштетүү үчүн төмөндөгүдөй жумуштарды аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинен 13440 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин:
- техникалык шарт алууга РЭСке которуу – 5400сом;
- трансформатор тока алуу үчүн – 2100 сом;
- электр счетчиги – 2000 сом;
- автомат 250 ампер – 2500 сом;
- автомат 12 даана( 40 ампер 5 даана, 32 ампер 4 даана, 25 ампер 2 даана, 63 ампер 1 даана) - 1440 сом
2.Бөлүнгөн 13440 сом акча каражатын тиешелүү жерге которуп жана
тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |