Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 1
Казыбек айыл аймагындагы жарыктандырууга кошумча чырак алуу жөнүндө
Казыбек айыл аймагындагы көчөлөргө жарыктандыруу коюлуп, инфраструктура жакшырып коомго түнкүсүн коопсуз болуп калды, бирок жарыктандыруу коюлгандан кийин кээ бир көчөлөрдүн түнкү чырактары күйбөй калып жатат, ошондуктан сапаттуу түнкү чырак алууга жана күйбөй калган түнкү чырактарды алмаштыруу үчүн «Прожектор Кобра 50 Вт» алуу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагындагы көчөлөргө жарыктандыруу коюлуп, инфраструктура жакшырып коомго түнкүсүн коопсуз болуп калды, бирок жарыктандыруу коюлгандан кийин кээ бир көчөлөрдүн түнкү чырактары күйбөй калып жатат, ошондуктан сапаттуу түнкү чырак алууга жана күйбөй калган түнкү чырактарды алмаштыруу үчүн «Прожектор Кобра 50 Вт» алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 130000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн 130000 сом акча каражатын тиешелүү жерге которуп жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |